Анын унаасындагы видеокаттагычка окуя кандайча болгону тартылып калган. Ага ылайык, бус жол чийинден өткөнү жаткан аялды көрүп токтогон, бирок анын артында катуу ылдамдык менен келе жаткан троллейбус бусту сүзүп кеткен. Анын кесепетинен бус алдыдагы жөө адамды койгон.
Күбө билдиргендей, окуя шаршемби, 13-март күнү саат 11:17де болду.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы учурда окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.