Ноорузга карата өтчү көк бөрүдө кыл чайнашчу командалар такталды

Мелдеш 15-мартта башталып, Нооруз күнү финалдык бөлүгү болмокчу
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Быйыл Нооруз майрамына карата өтө турган көк бөрү оюнунда 16 команда күч сынашат. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

15-21-март күндөрү Бишкектеги "Аккула" ат майданында тартуулана турган таймашка өлкөнүн бардык дубандарынан келген командалар катышат. Алар төмөнкүлөр:

1. "Келечек"

2. "Арашан"

3. "Долон"

4. "Толкун"

5." Көк жал"

6. "Сары өзөн"

7. "Ынтымак"

8. "Эмгек талаа"

9. "Мурас"

10. "Илбирс"

11. "Аафият"

12. "Төш-Булак"

13. "Четинди"

14. "Достук"

15. "Биримдик Аю"

16. "Казарман"

Белгилей кетсек, былтыр Нооруз майрамына карата өткөн көк бөрү оюнунда Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы финалга чыгып, "Ынтымактын" улакчылары чемпион болгон. Ал эми үчүнчү орунга Сокулуктун оюнчулары чыккан.