Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна эмне курулары айтылды

Көзөмөл органынын мурдагы имараты 2010-жылы 7-апрелдеги окуяларда толугу менен күйүп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында мурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын ордуна шаардыктардын эс алуусу үчүн аянтча куруу пландалып жатканын "Бишкекбашкыархитектура" (ББА) ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окурмандар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылып, аталган аймакка эмне курулуп жатканын билип берүүнү суранышкан.

"Бишкектеги Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын ордуна шаардыктардын эс алуусу үчүн жаңы аянт куруу каралып жатат. Учурда эскизи иштелүүдө. Бирок ал жерде капиталдык курулуш болбойт. Аянты канча болору жана кайсы убакта колдонууга берилери азырынча белгисиз", — деп түшүндүрүштү ББАнын маалымат кызматынан.

Бишкекте Ак үйдүн маңдайына эмне салынып жатканы белгилүү болду. Эскиз
Эске салсак, 2010-жылы 7-апрелдеги окуяларда толугу менен күйүп кеткен имаратты оңдоо үчүн тендер жарыялаган. Калыбына келтирүү иштерине Бишкек шаарынын бюджетинен 120 миллион сом бөлүү каралган.

Бирок 2017-жылы Курулуштардын сейсмикалык туруктуулугу жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту имарат дубалдарынын 70-80 пайызын жараксыз деп таап, тендер токтотулган.

Ал убакта анын ордуна эмне курулары так айтылган эмес.