Кытайда деңиз деңгээлинен 2000 метр бийик айнек көпүрө салынды

Эки тоону байланыштырган асма көпүрөнүн бийиктиги 66 кабаттуу имаратка тете болсо, узундугу 198 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кытайдын түштүк-батышында жайгашкан Сычуань провинциясынын Батайшань паркында деңиз деңгээлинен 1980 метр бийик айнек көпүрө ачылды. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазып чыкты.

Жүрөгүң оозуңа тыгылат! Кытайдагы "жарака" кеткен айнек көпүрө
Бул көпүрү адамдын өтүүсү үчүн жасалган. Маалыматка ылайык, бул өлкө аймагындагы эң бийик курулуш.

Эки тоону байланыштырган асма көпүрөнүн бийиктиги 66 кабаттуу имаратка тете болсо, узундугу 198 метрге жетет. Көпүрөнүн алдына туурасы 2,5 метр болгон айнек панелдер төшөлгөн.

Курулуш бүткөндөн кийин бир ай бою сыноодон өткөн. Долбоорго жалпы жонунан 1,58 миллион доллар жумшалган.