Евробиримдик спиннер оюнчугун кооптуу товардын катарына кошту

Спиннер оюнчугу 2017-жылы абдан популярдуу болгон
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Евробиримдик кооптуу товарлардын тизмесин аныктап, анын катарына спиннер оюнчугу да кошулду. Бул тууралуу 2017-жылы чыгарылган шектүү товарлардын докладына таянуу менен РИА Новости агенттиги жазды.

Спиннер космостон кандай чимирилет. Астронавттардын видеосу
Адистер спиннер балдар үчүн коркунучтуу экенин, өзгөчө жарыгы бар спиннер кооптуу экенин айтышкан. Анткени анын кичинекей батареясын ымыркай жутуп алса, ал наристенин ашказанын жана ичегилерин жабыркатат.

Спиннер оюнчугу 2017-жылы абдан популярдуу болгон.

Айрым мамлекеттер анын балдарга тийгизген таасирин да аныкташкан. Россиялык колдонуучулардын укугун коргой турчу уюм спиннер балдардын психикасына терс таасир бербей турганын айтып, бирок майда тетиктери балдар үчүн кооптуу деген жыйынтык чыгарган.

Спиннер — манжаларга салып алып айлантып ойногон оюнчук. Ал учурда балдар жана өспүрүмдөр арасында кеңири тарап кеткен.