ӨКМдин калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов жакынкы күндөрдө Кыргызстан эки тик учактуу болуп каларын Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, келе турган учактар өзгөчө кырдаалдарда колдонулмакчы.
"Россия, Казакстан жана Корея менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдар үчүн эки тик учак алуу күтүлүүдө. Учурда ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз", — деди Асанов.
ӨКМнын өкүлү жыл сайын техника жаңыланып турарын кошумчалады.