Чокубаев Ашырбек Назарбекович — өмүр баяны

Ашырбек Чокубаев 1947-жылы 4-декабрда Ош облусунун Өзгөн шаарында төрөлгөн. 2018-жылы 11-мартта 71 жашында Бишкек шаарында каза болгон. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Sputnik

Билими:

1972 — Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театралдык институтун аяктаган;

Эмгек жолу:

1978 — Кыргыз улуттук Токтоболот Абдумомунов атындагы академиялык драма театрына артист катары кабыл алынган.

Ойногон спектаклдери:

"Эзоп", "Саманчынын жолу", "Ромео жана Жульетта", "Азоого чалма", "Ар бир үйдө майрам", "Бий мугалими", "Жыгылган оогонго күлөт".

Тартылган кинолору:

Төлөмүш Океевдин " Ак илбирстин тукуму", Тынчылык Разаковдун "Нокдаун" фильмдерине тартылган. Чокубаевдин Алексей Студинскийдин "Парижге жол" жана Леонид Осыканын "Захар бүркүт" тасмаларына тартылып, бул эмгектер советтик жана улуттук кинонун Алтын фондусуна кирген.

Ашырбек Чокубаев боордош казак кинематографисттери менен үзүрлүү кызматташкан. Режиссер Иван Пассер, Сергей Бодровдун улуусу жана Талгат Теменов менен "Көчмөндөр" долбоорунда чогуу иштеген.

2006-жылы Талгат Асыранкулов менен Газиз Насыровдун "Бейиш куштары" автордук фильминде кайталангыс образды жараткан.

2014-жылы режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тарыхый кинотасмасында Бухара эмиринин образын ойногон.

Наамдары:

Кыргыз эл артисти мамлекеттик наамы бар.