Балдарды жакшы карагылачы! Бишкекте бөбөктү машина уруп кеткен видео тарады

Жол кырсыгы Жибек Жолу менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы көчөлөрдүн биринде алты жашар баланы автоунаа коюп кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсык Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеону Facebook тармагына активист Максим Золотых жүктөгөн.

"Баланын ата-энеси кайда, жөнөкөй эрежелерди үйрөтүп коюш колдорунан келген эмеспи? Эми айдоочунун шору!" — деп жазган ал.

Маевкада велосипедчен кишини ЗИЛ коюп кетти. Сүрөт
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, баланы Audi S 4 үлгүсүндөгү автоунаачан 35 жаштагы айдоочу койдуруп алган. Кырсык болгон жерге баланын ата-энеси келген. Учурда бөбөк ооруканага жеткирилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Бүгүн эле Бишкекте Байтик баатыр менен Жантөшов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтө турган жол чийиндеги аялды бус коюп кетти.