Трамп АКШнын мамкатчысы Рекс Тиллерсонду кызматтан алды

Буга чейин мамлекеттик катчы болуп Помпео же БУУнун өкүлү Никки Хейли келери болжолдонуп жаткан болчу. Бирок Тиллерсон баш болуп президент менен болгон пикир келишпестиги жөнүндөгү имиштерди четке кагып келген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон иштен алынганын жар салып, анын ордуна Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) директору Майк Помпео келерин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Трамп Тиллерсонго ыраазычылык билдирип, Помпео жаңы кызматында мыкты жыйынтыктарды көрсөтөрүнө ишенерин белгилеген.

Ал эми Борбордук чалгындоо башкармалыгын Жин Хаспел жетектемей болду. Ал аталган башкармалыкка башчы болуп келген биринчи айым болуп калмакчы. Хаспел буга чейин Помпеонун орун басары болчу.

​Тиллерсон Мамлекеттик депортаментти өткөн жылдын февраль айынан тарта жетектей баштаган.

АКШ Назарбаевдин Трамп менен жолуга турган мезгилин кабарлады
Американын бир катар ЖМКлары Трамп анын ишине ичи чыкпай жатканын жазып чыгышкан.

The Washington Post басылмасынын маалыматына караганда, Тиллерсон бир катар маселелер боюнча Трамптын оюна каршы чыккан учурлары болгон. Ага Афганистандагы аскерлердин саны, Куба менен Катарга блокаданын коюлушу мисал.

Буга чейин мамлекеттик катчы болуп Помпео же БУУнун өкүлү Никки Хейли келери болжолдонуп жаткан болчу. Бирок Тиллерсон баш болуп президент менен болгон пикир келишпестиги жөнүндөгү имиштерди четке кагып келген.