Киши түспөлдүү күчүк көз кысып, көпчүлүктү таң калтырды

Күчүк тууралуу маалыматка 600дөн ашуун киши пикирин жазып, бир катары таңдануусу менен кошо суктануусун, бир даары чочуган пикирин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бети кишиникине окшош Йога деп аталган күчүк тууралуу Reddit платформасына жарыяланган видео интернет колдонуучулардын кызуу талкуусуна алынды.

Анын видеосун күчүк ээсинин таанышы интернетке жүктөп, "күчүктүн бети кудум эле кишинин жүзүнө окшош экен" деп жазган ал Facebook баракчасына 

Күчүк тууралуу маалыматка 600дөн ашуун киши пикирин жазып, бир катары таңдануусу менен кошо суктануусун, бир даары чочуган пикирин айткан.

​Аны көзү адамдыкына окшош деген ойлорду көп калтырышкан.

"Көздөрү адамгерчиликтүү кишиникине окшош экен, мындайды буга чейин көргөн эмесмин", — деген flyhighdandelion деп аталган колдонуучу.

"Көзү менен эриндери адамдыкындай тура", — деп таңгалган spider_sauce.

Элжиреткен видео! Ит суу толгон уяда калган күчүктөрүн куткарып алды
Иттин бул түрүнөн корккон төмөнкүчө посттор жазылган:

"Күчүктү көрүп боорум ооруп кетти, ал жагымдуу жаныбар чыгар, бирок желмогуздай экен. Кудум эле сакалчан кишинин кейпин кийгизип койгонго окшоду", — деп жазган istara.

Буга чейин дагы бир кызыктуу видео жарыяланган. Анда Вьетнамда велосипед тепкен киши сууга түшүп кеткен күчүктү желим бөтөлкө менен жасалма дем алдырып, сактап калганы кабарланган.