Апенди, Аладдин, Тарзан... Жомок каармандарынын атын алып жүргөн кыргызстандыктар

Кыргызстанда дүйнө шаарларынын атынан ысымдары коюлган жарандар дагы бар
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстанда жомоктогу ойлоп табылган каармандардын атын алып жүргөн жарандар бар. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы биометрикалык маалыматтарды тапшырып, шайлоого катышкан кыргызстандыктардын тизмесин карап чыкканда билинди.

Аз жашаган адамдын атын бербейт! Ымыркайга ысым ыйгаруудагы 7 "болбойт"
Мисалы, өлкөдө эки Апенди (кыргыз эл жомокторундагы кем акыл бай-манаптарды амалкөйлүгү менен алдап кеткен каарман), 16 Аладдин (чыгыш жомокторунун каарманы) жашайт.

Мекендештер балдарын жомоктогу гана эмес, адабий чыгармадагы ысымдар менен дагы аташат. Мисалы, Александр Дюманын "Три мушкетера" романындагы Арамистин ысымы эки адамга, айтылуу Тарзандын аты үч адамга берилген.

Баса, Кыргызстанда дүйнө шаарларынын атынан ысымдары коюлган жарандар дагы бар. Мисалы, буга чейин шайлоолордо өз добуштарын Мадрид, Берлин, Ташкент, Пекин аттуу адамдар берген.