Ош: уулунун өлүмүнө айыпталып камакка алынган жаран бошотулду

Маркумдун апасы жолдошуна карата эч кандай арыз-доосу жок экендигин айткан. Айыптоодон баш тартып, тосмо арыз жазып берген.
Sputnik

ОШ, 12-мар. — Sputnik. Ошто 6-класста окуган уулунун өлүмүнө шектелип камакка алынган атага карата козголгон кылмыш иши кыскартылып, камактан бошотулду. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бишкекте бычакталган аялдын өлүмүнө шектелип бир келин кармалды
Эске сала кетсек, 2017-жылы 29-ноябрда Ош шаарындагы Салижан Шарипов атындагы орто мектептин 6-классында окуган өспүрүм өзүнүн уктоочу керебетинде жаткан боюнча каза болгон. Шаардык милициянын кызматкерлери өлүктү кароо учурунда денесинен көптөгөн тактар бар экенин аныкташкан. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, баланын өлүмүнө шектүү катары өз атасы камакка алынган. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси менен (ден соолукка өлүмгө жеткирүүчү оор залал келтирүү) кылмыш иш козголгон. Камакка алынган ата калаада наабайчылык менен алектенип келген.

Осмонкуловдун айтымында, Ош шаардык соту Кылмыш жаза кодексинин 101-беренеси (байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу) менен айыпталган Ю.К. аттуу жарандын ишин жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү айыптоодон баш тарткандыгына байланыштуу өндүрүштөн кыскарткан.

"Соттук отурумда каза болгон баланын апасы, башкача айтканда, соттолуучунун жубайы жолдошуна карата эч кандай арыз-доосу жок экендигин жана аны айыптоодон баш тарта тургандыгын айтып, тосмо арыз берген. Бул жөнүндө соттолуучунун жактоочусу тарабынан өтүнүч келтирилген. Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочу дагы келтирилген өтүнүчкө каршы эместигин билдирген. Ошол себептен Жаза процессуалдык кодексинин 28-беренесине ылайык, Ош шаардык соту айыпталуучуга карата кылмыш ишти сот өндүрүшүнөн кыскарткан", — деди ал.

Ал ошондой эле бул токтом акыркы эмес экенин, нараазы тарап аппеляциялык тартипте Ош облустук сотуна даттанууга укуктуу экендигин кошумчалады.