ТИМ: Түркияда мейманкананын 5-кабатынан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

Жабыркаган жарандын эжеси Түркияга барууга камданууда
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасында чыккан өрттөн жабыркап, 5-кабаттан кулаган кыргызстандык М.Ж. кызынын абалы дагы деле оор экенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"ТИМдин Консулдук департаментинин кызматкерлери Кыргызстандагы туугандары менен байланышта. Акыркы маалымат боюнча жабыркаган жарандын эжеси Түркияга барууга камданууда", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 8-мартта Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасында өрт чыгып, андан коргонуу максатында терезеден коңшу имаратка өтүүгө аракет кылган кыз 5-кабаттан кулап унаанын үстүнө түшкөн.