Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Кеңештин буга чейинки катчысы Алмазбек Курманалиев кызматтан кеткенден бери анын орду бош турган
Sputnik

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Дамир Сагынбаев Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп дайындалганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңешинин буга чейинки катчысы Алмазбек Курманалиев өз ыктыяры кызматтан кеткен болчу.

Сагынбаев буга чейин аталган кеңештин катчысынын орун басарлыгын аркалап келген.