Шейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 7…12 градус жылуу болсо, Ысык-Көлдө 5…10, Нарын аймагында 1…6 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкек менен Ош шаарларында да жамгыр жаап, 9…11 градус жылуу болушу күтүлөт.