Президент өкмөттүн аппарат жетекчиси Момуналиевдин отставкасын кабыл алды

Нурханбек Момуналиев өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков берген арызынын негизинде өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевди ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Дамир Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды
Ага ылайык, Жээнбеков тийиштүү жарлыкка кол койгон.

Эске салсак, премьер-министр Сапар Исаков Момуналиевди кызматтан алуу боюнча президентке сунуштама жөнөткөн. Кийин өкмөттүн маалымат кызматы Момуналиев эл аралык масштабдагы документти — ЕАЭБдин Бажы кодексин даярдоодо кетирилген катачылыктар боюнча жоопкерчиликти сезип жаткандыктан ушундай кадамга барганын айткан.