Ошто да тартип бузган унааларды эвакуатор жүктөп кете баштады

Шаар боюнча азырынча эки эвакуатор иштеп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө дүйшөмбүдөн тарта туура эмес жерге токтогон унааларды эвакуатор жүктөп кете баштады.

1 / 4
Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндө дүйшөмбүдөн тарта туура эмес жерге токтогон унааларды эвакуатор жүктөп кете баштады.
2 / 4
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча айдоочулар көп учурда токтотууга тыюу салынган жерге унааларын коюп кетишет.
3 / 4
Автоэвакуаторлордун иштеп жатканынан кабар берген атайын белгилер машиналар көп турчу 18 көчөнүн кесилишине орнотулду.
4 / 4
Инспекторлордун айтымында, ушу тапта Ошто эки эвакуатор иштеп жатат, зарыл болгон учурда кошумча эвакуаторго сурам жөнөтүлөт.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматы боюнча айдоочулар көп учурда токтотууга тыюу салынган жерге унааларын коюп кетишет.

Фотофакт: Бишкектин Шопоков көчөсүнө үч паркомат орнотулуп иштей баштады
Автоэвакуаторлордун иштеп жатканынан кабар берген атайын белгилер машиналар көп турчу 18 көчөнүн кесилишине орнотулду. Инспекторлордун айтымында, ушу тапта Ошто эки эвакуатор иштеп жатат, зарыл болгон учурда кошумча эвакуаторго сурам жөнөтүлөт.

Эвакуацияланган машиналар айып короого токтотулат. Унаа ээлери административдик мыйзамда каралган айып пул (1000 сом) менен эвакуатордун кызматын төлөп, автосун ала алат.

Ал эми Бишкекте эвакуаторлор 10-январдан тарта иштей баштаган.