Белгилүү актер жана режиссер Олег Табаков көз жумду

Табаков 83 жашта эле
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Белгилүү актер жана режиссер, СССР эл артисти Олег Табаков дүйнө салды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Табаков өмүрүнүн акыркы жылдарында Антон Чехов атындагы Москва көркөм театрын жана "Табакерканы" жетектеп келген.

83 жаштагы Табаковдун ооруканага жаткырылганы ноябрдын соңунда белгилүү болгон. Андан кийин артист жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылганы айтылган.