Кыргызстан менен "БТА Банктын" ортосундагы 75 млн. долларлык чыр чечилди

Кыргызстан "БТА Банкка" 75 доллар төлөбөй турган болду, ал эми банк өкмөттөн туунду компаниясынын акциясынын 7,7 пайызын сатып алмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен казакстандык "БТА Банк" акционердик коомунун ортосундагы эл аралык арбитраждык талаш тынч жол менен жөнгө салынды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын үч артыкчылыгын атады
Эскерте кетсек, 2011-жылы "БТА Банк" эл аралык сотко кайрылып, кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү башка тараптар менен банктын Кыргызстандагы туунду компаниясынын ациясынын 71 пайызын мыйзамсыз менчиктештирип алганын айтып кине койгон. Арыз ээси 75 миллион доллар талап кылган. Мындан тышкары, "БТА Банк" мындай кадам кыргыз жана казак өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну бузганын айтып чыккан.

"Ушул айда кыргыз өкмөтү менен "БТА Банк" ортодогу чырды толугу менен чечти. Макулдашууга ылайык, маселе Кыргызстандын кандайдыр бир жоопкерчилиги таанылбастан жана өлкө тараптан кандайдыр бир компенсация төлөнбөстөн жөнгө салынып, арбитраждык өндүрүш токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

"БТА Банк" Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан туунду компаниясынын акциясынын 7,7 пайызын сатып алууга макул болду.