Исаков өкмөттүн аппарат жетекчиси Момуналиевди кызматтан алууну сунуштады

Сунуштама Момуналиевдин өз арызынын негизинде жөнөтүлдү
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиевди кызматтан алуу боюнча президентке сунуштама жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Момуналиев жумуштан өз арызынын негизинде бошотулмакчы.

Конституциянын "Кыргыз республикасынын өкмөтү" мыйзамына ылайык, министрдин өз арызы боюнча отставкасын президент кабыл алат.