Радио

Алдаяров: айрым райондорго газ берилсе да эл кошулбай жатат

"Газпром Кыргызстан" ишканасынын директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров жаңы конуштун жашоочуларын газга кошуу үчүн насыялар берилип жаткандыгын айтты
Sputnik
Алдаяров: айрым райондорго газ берилсе да эл кошулбай жатат

Айрым кичи райондорго газ берилсе да эл кошулбай жатат. Бул тууралуу Арзымат Алдаяров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, газ берилчү аймакта жашаган 100 адамдын 90у макул болсо, ал жерге газ берилет.

"Биз бардык арыздарды карап жатабыз. Азыркы кезде келген каттардын саны арбын. Жашоочулар каттарын бизге жибербей өзүлөрүнүн тиешелүү айыл өкмөттөрүнө жөнөтсө да болот. Арыздар келгенде программага киргизилип, газ берүү боюнча иш-аракеттер жүргүзүлөт. Биз Көк-Жар конушуна газ бергенбиз, бирок эл кошулбай жатат", — деди Алдаяров.

Ал этап-этап менен газдаштыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.