Бухарада абада калкып турган адамдар туристтерди таңдантты. Сүрөт

Аталган аттракцион Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү мамлекеттик комитети даярдаган шаардагы көңүл ачуучу экинчи шоу-долбоор.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бухара шаарында абада калкыган адамдар илимпоз туристтердин көңүлүн өзүнө бурууда. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги маалымдады.

Бишкекте "абада калкып отурган" монах көпчүлүктүн көңүлүн бурду
Билдирүүгө ылайык, аталган аттракцион Өзбекстандын туризмди өнүктүрүү мамлекеттик комитети даярдаган шаардагы көңүл ачуучу экинчи шоу-долбоор. Буга чейин Бухаранын эски бөлүгүнө абада калкып турган дербиштин эстелиги орнотулган болчу.

Коңшу өлкөнүн бийлиги ушул сыяктуу аттракциондорду жакын арада башка белгилүү туристтик шаарларда ачууну көздөөдө. Маалыматта абада калкып турган кийинки персонаж сатиралык чыгармалардын каарманы Ходжа Насреддин болушу мүмкүн экени кошумчаланган.