БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкектин "Асанбай" кичи районундагы алты кафе менен фитнес зал электр жабдууларын колдонуудагы эрежени сактабагандыктан күйүп кетиши ыктымалдыгын ӨКМ негизги себеп катары атады.
Аталган жердеги имараттар былтыр, 2017-жылы 22-октябрда күйүп кеткен.
ӨКМ кырсыктын чоо-жайын билдирди.
Кийинчерээк "Бигмар" ЖЧКсына таандык имараттар өрттөнгөнү аныкталган. Ал жерде "Гамбей", "Корчма", "Кайзер", "Бухара", "Барклайс", "Асанбай" кафелери, "Дельта" спорт клубу менен "Марио Экспресс" ЖЧКсынын кеңсеси болгон.
Имараттын батыш бөлүгүндө жайгашкан "Гамбей" кафеси башкаларга салыштырмалуу олуттуу жабыркаган. Кырсык болгон жерде тогуз өрт өчүрүүчү машина, үч суу ташыгыч автоунаа, 90дон ашык өрт өчүрүүчү, милиция жана тез жардам кызматынын бригадасы иштеген.
Жабыркаган 13 кишиге жеринде жардам көрсөтүлгөн. Өрт саат 13:31де чектелип, 17:53тө толугу менен өчүрүлгөн.
ӨКМ үч версияны карап жатат
Биринчи версия — атайылап өрттөө. Бирок ӨКМ атайылап өрттөөнүн белгилерин тапкан эмес. Өрт күндүз болгон, күбөлөр бар. Эшиктерди, терезелерди, кулпуларды сындыруу сыяктуу нерселер катталган эмес.
Үчүнчү версия — электр жабдууларын колдонууда эреженин бузулушу. Өрт "Гамбей" кафесинде тутанган. Ал жерде катуу ысыктан темир дубал менен чатыр деформация болуп калган. Текшерүү учурунда электр жабдууларынын тийишип калган жерлери табылган. Андан сырткары имаратта тез күйүп кетүүчү материалдар көп болуп, өрттүн жайылышын чектей турчу тосмолордун жоктугу аныкталган.