Бүгүнкү күндө көрүүчүлөр тасмаларды тандап көрө баштады. Бул тууралуу Эрнест Абдыжапаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, элдин киного болгон табити өстү.
"Башында эптеп-септеп тартылган кинолорго эл ынанып бараткан болсо, бүгүнкү күндө алар тасмаларды иргеп көрө баштады. Демек, көрүүчүлөрдүн да табитит өстү. Бара-бара жалпы журтубуз жогорку деңгээлде тартылган тасмаларды талап кыла баштайт", — деди Абдыжапаров.
Ошондой эле ал акча үчүн тасма тарткан кино жаратуучулардын саны да азайганын кошумчалады.