Эл артисти Ашыр Чокубаев дүйнө салды

Актер кыргыз тасмаларынан тышкары, бир нече казак фильмдеринде дагы роль жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргыз Эл артисти Ашыр Чокубаев жекшемби күнү 71 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Кинематография департаментинин адиси Гүлбара Төлөмүшова Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

"Белгилүү актер бүгүн таңкы саат беште узакка созулган оорудан улам көз жумду", — деди Төлөмүшова.

Чокубаев акыркы жылдарда катышкан эң ири долбоор режиссер Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасы болгон.

Негизи актер коңшу Казакстанда дагы бир нече тасмаларга тартылган. Алар: "Китеп", "Көчмөндөр", "Жамбыл" жана башкалар.