Жаан карга айланабы? Бир жумага карата аба ырайы

Апта аягында өлкөнүн айрым аймактарына кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Карга бөлөнгөн Бишкектин асмандан көрүнүшү
Маалыматка ылайык, бүгүн 11-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында күндүз катуу жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Кийинки жуманын башы, 12-марттан баштап 13-14-15-мартка чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Апта соңунда, 16-17-март күндөрү өлкөнүн айрым жерлерине жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүп абанын температурасы төмөндөйт.

Жалпы эле март айында аба ырайы кандай болот деп кызыгып жатсаңыз материалдан толук маалымат алыңыз.