Туздуу тамактын зыяны тууралуу илимий жыйынтык чыкты

Окумуштуулар иликтөө үчүн 40-59 жаш курагындагы төрт миң кишини тандап, ичкен тамак-ашына байкоо жүргүзгөн
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Британиялык окумуштуулар кан басымы жогору адамдар туздуу тамакты көп жесе ден соолук үчүн кооптуулук жаратаарын айтышты. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазган.

Окумуштуулар иликтөө үчүн 40-59 жаш курагындагы төрт миң кишини тандап, ичкен тамак-ашына байкоо жүргүзгөн. Төрт күн бою алардын саламаттыгы улам текшерилип, анын жыйынтыгы тамак-аштын көрсөткүчтөрү менен салыштырылган.

Үй тазалоочу каражаттардын адамга зыяны кандай? Окумуштуулардын аныктамасы
Иликтөөнүн аягында жогорку кан басым менен тузду көп колдонуунун ортосундагы көз карандылыкты таап чыгышкан. Кан басымы жогору болгондордун абалы алар калий затын жана кан тамыр ооруларына пайдалуу деген элементтерди колдонгондо да жакшырган эмес.

Окумуштуулар иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын чыгарып, адам баласы күнүнө алты граммдан көп туз жебеш керектигин эскертти.

Буга чейин туздан сырткары лимон кошулган чай жана жемиш ширелери адамга зыян экендиги айтылган.