Талас мэриясы курган 1,5 млн. сомдук ажаткана эки жылдан бери иштебей турат. Сүрөт

Азыр ал объектини "Тазалыктын" кызматкерлери пайдаланууда
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Таластын борбордук паркынын аймагында курулган 1 миллион 490 миң сомдук ажаткана эмдигиче колдонууга бериле элек. Анткени канализацияга туташпай калган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ажаткана эки жыл мурда Анарбек Кушубеков шаар мэри болуп иштеп жаткан маалда курулган. Объектинин баасы эмнеге карап бычылганы белгисиз.

1 / 4
Таластын борбордук паркынын аймагында курулган 1 миллион 490 миң сомдук ажаткана эмдигиче колдонууга бериле элек
2 / 4
Анткени канализацияга туташпай калган.
3 / 4
Ажаткана эки жыл мурда Анарбек Кушубеков шаар мэри болуп иштеп жаткан маалда курулган.
4 / 4
Объектинин баасы эмнеге карап бычылганы белгисиз.

"Канализациялык түйүн алыстан өткөндүктөн ажаткана колдонууга берилбей турат. Азыр муну "Тазалыктын" кызматкерлери пайдаланып жатат", — дешти өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле облус жетекчилиги ажаткананын курулушу шаар бюджеттен каржыланганын тастыктады.