Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасында 8-март күнү чыккан өрттү күбөлөр видеого тартып алышкан.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча кырсыктан жабыр тарткан төрт кишинин бири кыргызстандык кыз эле. Оор жаракат алып, денеси күйгөн кыз жергиликтүү ооруканада жатат.
YouTube каналына жарыяланган видеодо мейманкананын балконунан чыккан жалынды көрүүгө болот. Бөлмөнүн кийинки терезесинен коңшу номерге өтүүгө аракет кылган аялдын кулап жатканы да тасмага түшүп калган.
Эскерте кетсек, өрт имараттын 5-кабатынан чыккан.