Кыргызстан менен Россиянын аскерлери чогуу машыгуудан өтүштү

Жоокерлер башкаруунун бирдиктүү системасы менен аракеттердин ыраатын иштеп чыгуу үчүн КР менен РФтин аскерлери үч күндүк машыгуу өткөрүштү
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын Куралдуу күчтөрү командалык-штабдык машыгуудан өткөнүн Генералдык штабдын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара 5-7-март күндөрү болгон. Акыркы этабы Ысык-Көлдөгү "Эдельвейс" окуу борборунда өткөн. Аскерлер артиллериянын жана "Кант" аивабазасынын аба күчтөрүнүн жардамы менен майзамсыз аскердик түзүлүштөрдү жок кылуу боюнча бирдиктүү аракеттерди иштеп чыгышты.

"Машыгуу аскердик операция учурунда аракеттерди ыраатка салуу, жоокерлерди башкаруунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.

Окуулар үч күнгө созулду.