Канаданын дарыгерлери маянасын азайтууну талап кылышты. Себеби сизди таң калдырат

Петицияга беш жүздөн ашык дарыгер кол койгон
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Канаданын Квебак шаарындагы 500 дарыгер менен 150дөй стажер маянаны жогорулатууну сындаган коомдук катка кол койгонун Washington Post басылмасы жазды.

Дарыгерлер айлыктын көбөйүүсүнө каршы болууда. Анткени алар медицинанын башка тармагында иштегендер — медайымдар менен тейлөөчү кызматкерлердин маянасы мурдагы деңгээлинде калып жатканына кабатыр. Себеби акыркы жылдары бир гана дарыгерлердин айлыгы көтөрүлүп, башкалардыкына бир да тыйын кошулган эмес.

Динара Аляева: Кыргызстандын дарыгерлери көпчүлүк учурда дартты аныктай албайт
Демилгечи топ колдо бар ресурсту адилеттүү бөлүштүрүү менен гана саламаттыкты сактоо системасын жакшыртууга болорун айтышууда. Орто эсеп менен алганда Канадада дарыгерлер бир жылда 261 миң доллар, хирургдар 355 миң долларга чейин алат.

Эске салсак, буга чейин медайымдар кызматкерлердин аздыгына жана ашыкча жумуш аткарып жатканын айтып, кайрылуу жолдошкон. Алар мындай аракеттер коомдук медицинанын негизги максаттарына каршы келерин жүйө келтиришкен.