Индияда жаалданган кабылан шаарга кирип келип элге кол салды. Видео

Кабыландын чеңгелинен бир адам жабыркады
Sputnik

Индиянын Индаур шаарына кирип келген кабылан адамдарга кол салып, калааны дүрбөттү. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жаалданган жапайы каман эркек киши менен келинин чалып салган видео тарады
Маалыматка караганда жыркычты көргөн эл дароо полиция жана айбанаттар боюнча адистерди чакырышкан. Алар кабыланды толук курулуп бүтө элек көп кабаттуу турак жайдын ичине камап, тор менен кармоого аракет кылышкан. Бирок кабылан торго түшпөй бир кишини жарадар кылып кетти.

Бир нече сааттан кийин зоология кызматынын адистери жырткычты дары сайып уктатып тынчыткан. Кийинчерээк ал кайра эркиндикке коё бериле турганы айтылат.

Сауд Аравияда дагы ушундай окуя катталып, фестиваль учурунда арстан мектеп окуучуларына кол салды.