БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Өлкө аймагында дем алыш күндөрү аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет билдирди.
Ага ылайык, 10-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.
Ишемби күнү Чүйдө күндүз 21 градуска чейин ысыса, Таласта күндүн табы 20 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткенде күндүз 17…22 градус ысыйт.
Чүйдө түндө 2…7 градус жылуу болсо, күндүз 6…11 градус жылыйт. Таласта түндө 1…6 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 5…10 градус болот. Ош, Жалал-Абад, Баткенде түндө 4…9 градус жылуу болсо, күндүз 7…12 градуска чейин ысыйт, Ысык-Көлдө түндө 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болуп, күндүз 7…12 градус жылуу болот. Нарында түндө 3…8 градус суук болуп, күндүз 2…7 градус жылыйт.