Кыргызстандык кыз Измир шаарында өрттөн жабыр тартты. Абалы оор

Учурда укук коргоо орандары өрттүн себептерин тактап жатат
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарындагы "Алижан" мейманканасында чыккан өрттө кыргызстандык кыз жабыр тартканын КР ТИМинин маалымат кызматынан билдиришти. 

АКШда мас кызга асылды деп кармалган КР жаранынын эжеси үн катты
Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугунан кабарлашкандай, кырсык болгон жерде төрт адам жабыр тартса, анын бири кыргызстандык М. Ж. кызы экени белгилүү болду. Учурда укук коргоо органдары өрттүн себептерин тактап жатат. 

Консулдуктан кыз жеткирилген ооруканага байланышканда, анын акыбалы оор экенин айтышкан. 

ТИМден дипөкүлчүлүк маселени көзөмөлдөп турганын кошумчалашты.