Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр

Ким Чен Ын өзөктүк куралдын санын азайтууга макул экенин айтты
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен майга чейин жолугушууга макул экенин Түштүк Корея президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Чон Ый Ён Ак үйдүн башчысы менен сүйлөшкөндөн кийин билдирди. Бул туурасында РИА Новости агенттиги жазды.

Трамп менен Ким Чен Ындын "эгиздери" Олимпиадага барды. Видео
Ый Ён сүйлөшүү маалында Трампка Түндүк Корея лидеринин билдирүүсүн маалымдаган.

Түштүк Корея менен АКШ Түндүк Кореянын маселесин чечүүдө үмүтүн үзбөйт. Президенттин кеңешчиси Чон Ый Ён Пхеньян айрым иштер боюнча убадаларын аткарганга чейин аларга басым улана берерин кошумчалады.

Чон Ый Ён Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аны менен сүйлөшүү учурунда өзөктүк куралдын санын азайтууга даяр экенин айткан.

"Мен АКШ президенти Трампка Ким Чен Ын өзөктүк куралды азайтып, аны сыноону кыскартууга даяр экенин жеткирдим", — деди Чон Ый Ён.

Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс президент Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууга даяр экенин тастыктады.