Оштогу китепканага өз өлүмү тууралуу жазган студент табылды. Чоо-жайы

Милиция кыздын жанын кыям деген ойго эмне түрткү болгонун алдын ала айтты
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Оштогу Токтогул Сатылганов атындагы китепкананын дубалына өз жанын кыюу туурасында жазган кыз табылды деп шаардык милициядан билдирди.

Ошто каза болгон индиялык студент. Министрлик комиссия түздү
Буга чейин аталган китепкананын дубалына ушул маанайдагы сөздөр жазылгандыгы тууралуу айтылган. Укук коргоо органдары бул жазуулар шаардагы жогорку окуу жайлардын биринин студентине таандык экендигин таап чыкты.

Кыз менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, психологго алып барышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз финансылык кыйынчылыктан улам жанын кыюу тууралуу ойго жетеленген.

Буга чейин Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева айрым мугалимдердин оройлугу окуучулардын өз жанын кыюуга, мектепке барбай коюусуна себеп болуп жатканын айткан эле.