Кыргызстандыктар белгилүү Jah Khalib рэпер ырчысынын клибине тартылышты

Видео клипке тартылган кыргызстандык каскадерлор негизинен чет жакта иштейт
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргыз-казак каскадерлорунан турган Nomad Stunts тобу  элге Jah Khalib деген ат менен белгилүү рэпер Бахтияр Мамедовдун клибине тартылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Кыргызстандын каскадерлор гильдиясынын вице-президенти Жамил Жуматаев билдирди.

"Викинг" тасмасында кыргызча ураан салган каскадерлор: чакыруулар көбөйдү
Төрт мүнөткө созулган "Медин" аттуу клип көчмөндөрдүн стилинде тартылып, ага негизинен казактар жана 15 кыргызстандык каскадер катышкан.

Жуматаевдин айтымында, клип 21-22-февралда Казакстанда жасалып бүтүп, рэпердин YouTube каналында 6-мартта жарыяланган. Аны эки күндө эле эки миллиондон ашык жолу көрүшкөн.

Белгилүү кишилер менен бир тасмага түшүү шыбагасы бардыгына эле буюрбайт. Этникалык кыргыз Элчоро Курман Жеки Чан менен бир киного тартылган.