Анастасия Волочкова калпак кийген айдоочусунун сүрөтүн жарыялады

Балет бийчисин айдоочу Mercedes S-Class унаасы менен ары-бери ташымакчы
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Россиялык балет бийчиси Анастасия Волочкова айдоочусунун сүрөтүн жарыялады.

Шофер башына кыргыздын улуттук баш кийим калпак кийип турат. Сүрөттү Волочкова Instagram баракчасына жүктөгөн.

 

 

"Бул менин жаңы айдоочум. Сиздердин жашооңуздар да меникиндей күтүүсүн окуяларга бай болушун каалайм!" — деп жазган бийчи айымдарды 8-март майрамы менен куттуктап жатып.

Сүрөткө Волочкова айдоочусу менен Mercedes S-Class унаасынын жанына туруп түшкөн.

Калпак тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикага көз салып коюңуз.