Путин дүйнөдө өз алдынча болгон мамлекеттерди атады

Россиянын президентинин айтымында, мындай мамлекеттер саналуу гана
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Владимир Путин дүйнөдө өз алдынча болгон Россия менен чогуу бир нече эле мамлекет бар экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Путин "Миропорядок 2018" даректүү тасмасында журналисттин "Россияга каршы санкциялар жокко чыгабы" деген суроосуна мындай нерсени аны киргизгендерден суроо керектигин айтты.

Соцтармакка Путиндин катышуусу менен "Миропорядок 2018" аттуу тасма тарады
Журналист ошондой эле Чехиянын президенти санкцияларга каршы экенин айтып жатканын белгиледи. Буга Путин "алар эмне кыла алат? Алар Евробиримдиктин ичинде аябай көз каранды, өз алдынча эч нерсе кыла алышпайт" деген жообун кайтарды.

Ал эми дүйнөдө кайсы мамлекеттер өз алдынча деген суроого "Россия. Андан башка бир нече мамлекет бар. Бирок мен алар үчүн жооп бере албайм. Канчалык көз каранды эмес экенин өздөрүнөн суроо керек" деди.

Путин ошол эле учурда айрым мамлекеттер ички саясий абалы чыңалганын шылтоолоп туруксуз болушаарын белгиледи.