Ошто 100дөн ашык компания катышкан эл аралык жарманке ачылды

Көргөзмөнү Кыргызстандын Соода-ѳнѳр жай палатасы уюштуруп, Ош шаарынын жана облусунун жетекчилиги колдоо көрсөттү.
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү Ош шаарында эл аралык "Евразия ишкер айымы 2018" жарманкеси башталганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.

1 / 6
Шаршемби күнү Ош шаарында эл аралык "Евразия ишкер айымы 2018" жарманкеси башталганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди
2 / 6
Иш-чара өндүрүштүн ар тармактарын камтыган универсалдуу көргөзмө болуп эсептелет
3 / 6
Ага Кытай, Өзбекстан жана Кыргызстандын 100дөн ашуун компаниясы катышып жатат
4 / 6
Максаты соода-экономикалык мамилелерди түзүү
5 / 6
Жарманкенин алкагында ишкерлик жана эл аралык байланыштарды түзүү боюнча форумдар өтөт
6 / 6
Аталган көргөзмөнү Кыргызстандын Соода-ѳнѳр жай палатасы уюштуруп, Ош шаарынын жана облусунун жетекчилиги колдоо көрсөттү.

Иш-чара өндүрүштүн ар тармактарын камтыган универсалдуу көргөзмө болуп эсептелет.

"Ага Кытай, Өзбекстан жана Кыргызстандын 100дөн ашуун компаниясы катышып жатат. Максаты соода-экономикалык мамилелерди түзүү. Жарманкенин алкагында ишкерлик жана эл аралык байланыштарды түзүү боюнча форумдар өтөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган көргөзмөнү Кыргызстандын Соода-ѳнѳр жай палатасы уюштуруп, Ош шаарынын жана облусунун жетекчилиги колдоо көрсөттү.

Белгилей кетсек, апрель айында Бишкекте 80дей компаниянын катышуусунда көргөзмө-жарманке болот. Анда жеңил өнөр жай, айыл-чарба продукциялары, өнөр жай товарлары жана туризм боюнча кызматтар сунушталат.