"Кентавр" тасмасы "Ника" сыйлыгына көрсөтүлдү

Жеңүүчүлөр 1-апрель күнү Москва шаарында аныкталат
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Россиянын "Ника" сыйлыгына көрсөтүлүп жатканы фестивалдын расмий сайтында жазылды.

Мени да кечиргиле! Эртеңиңди эске салган "Дарак ыры"
Аталган фильм "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" категориясында ат салышып жатат. Сыйлык тапшыруу аземи 1-апрель күнү Москва шаарында өтөт.

Бул Актан Арым Кубаттын россиялык кино сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан биринчи тасмасы эмес. Режиссердун "Свет аке" фильми дагы мыктылардын арасында ат салышкан.

Буга чейин "Ника" сыйлыгынын дал ушул категориясы боюнча жеңишке Актан Арым Кубаттын уулу, режиссер Мирлан Абдыкалыковдун "Сүтак" тасмасы жеткен.

Белгилей кетсек, "Ника" сыйлыгы 1987-жылы СССРдин кинематографисттер бирикмеси тарабынан негизделген.