"Туңгуч" кичи районунда 7-кабаттан кулаган кыз ооруканага жетпей көз жумду

Көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кыз подъезддин чатырчасына түшкөн
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкектеги "Туңгуч" кичи районунда 7-кабаттан кулап кеткен кыз көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигиндеги булак билдирди.

7-мартта болжол менен саат 16.00дөр чамасында көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кыз подъезддин чатырчасына түшкөн. Жерине барган куткаруучулар жаракат алган кызды медициналык тез жардам кызматына өткөрүп берген. Тилекке каршы кыздын жаракаты оор болгондуктан дарыгерлер сактап кала алышкан эмес.