Бишкек — Ош жолунда кырсыктаган жеңил унаанын таш-талканы чыгып калды. Сүрөт

Министрлик Honda Odyssey унаасынын айдоочусу каза болгонун айтты
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунун 378-чакырымында жүк ташуучу унаа менен минивэн кагышып, бир адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 7-март күнү саат 12.00дөр чамасында болгон. 

ДТП на автодороге Бишкек — Ош

"Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын аймагында Honda Odyssey менен Reno жүк ташуучу унаасы кагышкан. Куткаруучулар тамтыракайы чыгып калган жеңил унаанын ичинен 47 жаштагы айдоочу менен 11 жаштагы баланы алып чыгышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Жабыркагандар Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген, бирок жеңил унаанын айдоочусу алган жаракатынан улам медициналык жайда каза болгон.