Айып ордуна гүл сунуп... Жол инспекторлору айдоочу айымдарды куттуктады

Айдоочу аялдарга гүлдөн тышкары белек-бечкектер жана открыткалар берилди
Sputnik

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерлери 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата айдоочу айымдарды гүл берип куттукташты. Бул тууралуу аталаган башкармалыктын маалымат кызматы кабарлады. 

Поздравление милиционеров дам в Бишкеке

Майрамдын күнөөкөрлөрүн инспекторлор Бишкек шаары менен "Манас" аэропортун бириктирген стационардык посттон тосушту. 

Поздравление милиционеров дам в Бишкеке

"Алгачкылардан болуп небереси менен жүргүнчү катары келе жаткан апаны куттуктадык. Ошондой эле аялдар башкарган унааларды токтотуп, айдоочуларга жана айым жүргүнчүлөргө гүл берилди", — деп айтылат билдүүдө.

Поздравление милиционеров дам в Бишкеке
Айдоочу аялдарга гүлдөн тышкары белек-бечкектер жана открыткалар берилгени кошумчаланды.

Кошумчалай кетсек, көчөдөн жолуккан бейтааныш кыз-келин, апаларды майрамы менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы дагы куттуктаган.