БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык аялдарды 8-март майрамы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Сиздер мээримиңиздер менен жашоону көркүнө чыгарып, үйгө кут, өмүргө кубаныч алып келесиздер. Энелик сезимиңиздер, келечек муунга арналган чексиз сүйүүңөр жашоонун улуу көчүн улап келет. Кыргыз элинде байыртан эненин орду өзгөчө бааланып келген. Ал ыйык салт биздин коомдо дайыма аздектелип сакталат", — деп айтылат куттуктоодо.
"Силердин кажыбас кайратыңар, турмуштук активдүү позицияңар бизди ар дайым бийик максаттарга, зор жоопкерчиликке багыттап турат", — деди президент.
Куттуктоосунун аягында өклө башчысы кыргызстандык айымдарга бекем ден-соолук, бакубат турмуш, бакыт-таалай каалады.