Соцтармакка Путиндин катышуусу менен "Миропорядок 2018" аттуу тасма тарады

Тасма мамлекет башчынын журналистке берген бир нече сейрек маектеринин негизинде тартылган
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Журналист Владимир Соловьев "ВКонтакте" жана "Одноклассники" соцтармактарындагы баракчасына Саида Медведеванын Россиянын президенти Владимир Путиндин катышуусу менен тартылган "Миропорядок 2018" даректүү тасмасын жарыялады.

"Назарыңыздарга "Миропорядок 2018" тасмасын тартуулайм. Айрымдарын бир жылдан ашык тарттык. Чыныгы түз сүйлөшүү. Көңүлдү бурат. Көргүлө", — деп жазды Соловьев.

Тасма мамлекет башчынын журналистке берген бир нече сейрек маектеринин негизинде тартылган.

Соловьев менен Медведева буга чейин Путин тууралуу чогуу тасма тартышкан. 2015-жылы алар 1999-жылдан 2014-жылга чейинки мөөнөт учурундагы окуяларды негиз кылып "Президент" деген толук метраждуу даректүү фильм тартышкан.