Кыргызстандыктар Ноорузга карата бир күн эс алат

Ноорузга чейин кыргызстандыктар 8-март майрамына карата төрт күн катары менен үйдө болот.
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар дагы бир күн эс алат. Бул боюнча өкмөттүн тийиштүү токтомунда айтылды.

21-март Нооруз майрамы эс алуу күнү болуп саналат. Быйыл жаз майрамы шаршемби күнгө туш келет. Өкмөттүн токтомунда бул күндү башка күнгө которуу жазылган эмес.

Жыл ичинде боло турган майрамдардан улам белгиленген эс алуу күндөрүн бул жактан окуңуз.