Инспектор жол эрежесин бузган кесиптешин айыпка жыкты. Видео

Инспектор автоунаасын туура эмес токтоткон кесиптешине катардагы жарандын талабы менен протокол түзүп, айып салган
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында милиция кызматтык унаасын туура эмес жерге токтоткону үчүн инспектор кесиптешине айып салып, жарандын талабы менен протокол түзгөн. Окуянын видеосун Facebook тармагынын колдонуучусу баракчасына жарыялады. 

Видеодон катардагы жаран телефондун камерасын күйгүзгөн бойдон облустук жол кыймылы коопсуздугун сактоо бөлүмүнүн кызматкерине келип, эмне үчүн жол эрежесин бузуп жатканын сылык түрдө сураганын көрүүгө болот. Андан кийин өзүнө карата протокол түзүүнү талап кылган. Милиция кызматкерлери жарандын талабына жооп берип, протокол түзгөн.