Фарид Ниязов кызматынан бошотулду

Ниязов буга чейин кызматтан кетүү боюнча арыз жазган
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков администрациясынын жетекчиси Фарид Ниязовду өз арызынын негизинде кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.

Жээнбеков Ниязовдун отставкасы тууралуу: куттуу орун кур калбайт
Белгилей кеткек, буга чейин Ниязов кызматтан кетүү боюнча арыз жазган болчу.

Жээнбеков 6-мартта Кыргызстандагы ЖМК жетекчилери менен болгон жолугушууда кетем деген кишини кармабай турганын, бул кызматка татыктуу адамдар келерин айткан болчу.

Ниязов президенттин администрация жетекчиси болуп былтыр декабрда дайындалган.