Дүйнөдөгү эң кооптуу шаарлар аталды

Рейтингге жалпысынан 50 шаар кирген, алардын көбү Латын Америкасында жайгашкан
Sputnik

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Мексиканын "Коомдук коопсуздук жана кылмыш юстициясы боюнча жарандык кеңеш" беейөкмөт уюмунун эксперттери 2017-жылдагы эң кооптуу делген шаарлардын рейтингин түздү.

Биринчи орунга Мексиканын Лос-Кабос шаары татыды. Бул жерде жүз миң адамдын 111и киши колдуу болот. Экинчи орунга Венесуэланын Каракас шаары ээ болду. Үчүнчү сапка Мексиканын Акапулько калаасы чыкты.

Рейтингге жалпысынан 50 шаар кирген, алардын көбү Латын Америкасында жайгашкан. Кооптуу шаарлардын 17си Бразилияда болсо, 12си Мексикада экенин аныкталган.